Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:20

Спортчулар курултайга чогулат


Кыргызстанда спортчулардын алгачкы курултайы өтөт. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары кабарлашты. Катышуучулардын тизмесинде олимпиадалардын жеңүүчүлөрү, спортко эмгеги сиңген ишмерлер. Жогорку Кеңештин, өкмөттүн жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү да чакырылган.

Бирок Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Байгазы Кенжебаевдин "Азаттыкка" айтымында, курултайды уюштурууга алардын тиешеси жок. Азырынча чакыруу да алыша элек.

Быйыл Лондон олимпиадасына барган 16 спортчунун бири да байгеге жетпей келгенде спортту тейлеген мекеме жетекчилерине коомчулук жана айрым спортчулар тарабынан катуу сын айтылган болчу. Спортко деп бөлүнгөн акча аз экени, максаттуу пайдаланылбай жатканы жана Лондонго спорт боюнча мамлекеттик жетекчилер катчыларын, балдарын ала барганына нааразы пикирлер айтылган. (RK)

XS
SM
MD
LG