Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:00

Кытайдын балык уулоочу кайыктары талаштуу аралдарга жөнөдү


Кытайдын балык уулоочу кайыктары. 17-сентябрь, 2012-жыл.
Кытайдын балык уулоочу кайыктары. 17-сентябрь, 2012-жыл.
Чыгыш Кытай деңизинин эч ким жашабаган, Кытайда Дяоюйтай, Жапонияда Сенкаку деп аташкан аралдарына балык уулоочу бир миңдей кайык эң кеч дегенде бүгүн эртең менен жетери күтүлүүдө. Бул сапар Жапониянын аралдарга болгон ээлигин бекемдөө аракетине байланыштуу Кытайда нааразылык күчөгөн учурга туш келди.

Жапон өкмөтү үч аралды аларга ээлик кылган жеке адамдардан сатып алганын жарыялаган соң өткөн дем алыш күндөрү Кытайда жапондорго тиешелүү бизнес жайларга кол салынган.

Мындан улам “Хонда”, “Панасоник”, Тойота”, “Кэннон” өңдүү ири жапон компаниялары Кытайдагы заводддорунун ишин убактылуу токтотту.

Учурда Кытайда үч күндүк сапары менен жүргөн АКШ коргоо министри Леонн Панетта талаштуу аралдарга байланышкан маселени расмий Бээжин менен талкуулары күтүлүүдө. Кытайга чейин ал Жапонияда болгон. (UE)

XS
SM
MD
LG