Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:41

Жоочулар Кабулдагы теракт - чуулгандуу фильм үчүн өч алуу дешет


Кабул аэропортуна жакын жерде болгон жардыруу үчүн жоопкерчиликти өзүнө Хезб-и-Ислами козголоңчу топ алды. Жоочулар муну менен Мухаммед пайгамбарды мазактаган фильм үчүн өч алууну көздөшкөнүн айтышууда. Жан кечтинин кол салуусунан 12 киши набыт кеткени кабарланууда. Айрым тактала элек маалыматтарга караганда, арасында Кыргызстандын бир жараны бар. Дүйшөмбү күнү Ооган баш калаасында жүздөгөн киши америкалык базаны таш баранга алып, бир нече машинеге өрт коюшкан. Бүгүн Кундуз вилайетинде АКШ президенти Барак Обаманын сүрөттөрүн өрттөгөн студенттер полиция менен кагылыша кетишти.

XS
SM
MD
LG