Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:19

Орусия президенти Кыргызстанда


Владимир Путинди Алмазбек Атамбаев тосуп алды. Бишкек, "Манас" аба майданы, 19-сентябрь.
Владимир Путинди Алмазбек Атамбаев тосуп алды. Бишкек, "Манас" аба майданы, 19-сентябрь.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстандагы расмий сапары башталды.

Орусия президентинин Кыргызстандагы сапары учурунда эки тараптуу бир канча келишимдерге кол коюлмакчы.

Орус президенти Владимир Путин Бишкекке кечээ, 19-сентябрдын кечинде келди. Путиндин учагы кечки саат 11де “Манас” аэропортуна конуп,аны аэропорттон кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев өзү өкмөт мүчөлөрүнүн коштоосунда тосуп алды. Президенттин малымат кызматынын билдиргенине караганда, андан соң орус президентин расмий тосуп алуу иш-чаралары болгон. Ал эми негизги жолугушуулар бүгүнкүгө белгиленген.

Путин жана аны коштоп келгендер

Владимир Путиндин Кыргызстанга жасаган расмий сапарын Орусиянын жоон топ мамлекеттик жетекчилери коштоп келди. Кыргыз президентинин маалымат кызматынын билдиргенине караганда, аны биринчи вице-премьер-министр Игорь Шувалов, тышкы иштер министри Сергей Лавров, энергетика министри Александр Новак, коргоо министри Анатолий Сердюков, “Русгидронун” жетекчиси Евгений Дод, Интер РАО ЕЭСтин башкаруу уюмунун төрагасы Борис Ковальчук, Федералдык бажы жана миграциялык кызматтын башчылары коштоп келди. Мындан сырткары, бир катар мамлекеттик жетекчилер да бар. Ошондой эле делегацияны коштоп орусиялык жоон топ журналисттер келери да буга чейин маалымдалган болчу.

Кыргыз президентинин маалымат катчысы Кадыр Токтогуловдун билдиргенине караганда, Орусия президенти Путин Бишкекте тар жана кеңири чөйрөдөгү жолугушууларды өткөрөт. Ал президент Алмазбек Атамбаев менен алгач чакан форматта кезигишип, андан соң эки өлкөнүн мамлекеттик жетекчилери кеңири жыйынга чогулушат:

- Чакан жана кеңири жолугушуулар болот. Андан соң документтерге, келишимдерге кол коюлуп, журналисттер үчүн маалымат берилет. Акырында иш сапар Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Ленинградда курчоодо калгандарга арналган эстеликке гүлчамбар коюу менен аяктайт.

Күтүлгөн келишимдер

Жолугушууда Орусия менен жалпысынан алты келишимге: экономикалык, суу-энергетикалык, аскерий, Кыргызстандын Орусияга карызын жоюу жана башка багыттар боюнча эки тараптуу документтерге кол коюлмакчы.

Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков «Азаттыкка» маегинде буларды белгиледи.

- Энергетика тармагында эки документке, карыз боюнча бир документке кол коюлат. Ошондой эле бирдиктүү декларация бар.

Маселен, кол коюлары күтүлүп жаткан документтердин арасында Камбар-Ата-1 ГЭСинин жана Үстүңкү Нарында ГЭС каскаддарын куруу жана иштетүү боюнча өкмөттөр аралык келишим да бар. Кыргызстанда Камбар-Ата-1 ГЭСин биргелешип куруу боюнча келишимди эки өлкө 2008-жылы да түзгөн, бирок ал ишке ашкан эмес.

Ошондой эле Кыргызстандын Орусияга 500 млн. долларга жакын карызын жоюунун жол-жобосу жана мөөнөтү боюнча, Орусиянын аскерий базалары боюнча да документтерге кол коюлат. Эки келишим бири-бири менен байланышта. Маселен, буга чейин маалым болгондой, 15-жылга эсептелген жаңы аскердик келишим 2017-жылдан тартып күчүнө кирсе, ал эми ошол жылдан тартып, Кыргызстандын Орусияга 300 млн. доллар карызы кечиле баштап, ал 10 жылдын аралыгында аягына чыгары белгиленген.

Орус президенти өткөн жылы жаңы мөөнөткө шайлангандан бери Кыргызстанга алгачкы ирет келди. Ал акыркы жолу Бишкекте 2007-жылы ШКУнун жыйынына жумушчу сапары менен келгенде болгону айтылууда.

Орус президенти Владимир Путин 19-сентябрда Казакстанда болуп, ал жактан шыр эле Бишкеке учуп келген. Ал 19-сентябрда Казакстандын түндүгүнө иш сапары менен барып, Павлодар шаарында казак президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушкан.


Орус президенти Бишкекте
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:52 0:00

XS
SM
MD
LG