Бул тууралуу “Жоомарт” кыймылынын лидери Нурлан Мотуев өзү “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, алгач Бишкек ИИБнын кызматкерлери келип, эртең болуучу нааразылык акциясын өткөрбөө тууралуу эскертүү берип кеткен:
- Андан кийин өздөрүн ИИМдин 10-бөлүмүнүн кызматкерлери деп тааныштырган милиционерлер мени Ички иштер министрлигине алып келишти. Азыр ошол жерде отурам.
Нурлан Мотуев мусулмандардын нааразылыгын жараткан “Бейкүнөө мусулмандар” тасмасына нааразылык билдирүү үчүн 21-сентябрда Кыргызстандагы АКШ элчилигинин алдына акция уюштурмакчы болуп жаткан. Мотуев акция тынч маанайда, эч кандай агрессиясы жок мүнөздө болорун белгиледи.
ИИМдин 10-бөлүмүнүн башчысы Таалайбек Акбаев “Жоомарт” кыймылынын лидеринин сөзүн четке кагып, кармоо болбогонун “Азаттыкка” билдирди. (ZKo)