Дүйшөмбү күнү ачылышы болуучу фестивалды утурлай бүгүн анын уюштуруучулары маалымат жыйынын өткөрүшөт. Фестивалдын Кыргызстандагы уюштуруучусу - “Жарандар коррупцияга каршы” коомдук фондунан “Азаттыкка” билдиришкендей, быйылкы фестивалда сынакка катышкан жалпы 32 тасма көрсөтүлөт. Ал эми сынактан тышкары дагы беш тасма көрүүчүлөрдүн назарына сунушталат. Фестивалга быйыл дүйнөнүн 12 өлкөсүнөн адам укугунун айланасындагы темаларга байланыштуу тасмалар катышууда.
“Бир дүйнө-Кыргызстан - 2012” эл аралык фестивалы 24-сентябрдан 28-сентябрга чейин Бишкекте болуп, 2-октябрдан тарта Кыргызстандын башка аймактарында, андан ары Тажикстанда уланат.
“Бир дүйнө” фестивалынын максаты – жалпы адам укугуна байланышкан маселелерди коомчулукка тасма аркылуу жеткирип чечүү болуп эсептелет. (ZKo)