Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:03

Путин кандай базарлык менен келди?


Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстандагы расмий сапары аяктады. Путиндин сапарынын жыйынтыгы боюнча үч маанилүү келишимге көңүл бурса болот.

Камбар-Ата-1 ГЭСинин жана Жогорку Нарында ГЭС каскаддарын куруу жана иштетүү боюнча өкмөттөр аралык келишимге кол коюлду. Жалпысынан 5 ГЭС курулат.

Кыргызстанда Камбар-Ата-1 ГЭСин биргелешип куруу боюнча келишимди эки өлкө 2008-жылы да түзгөн, бирок ал ишке ашкан эмес. Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулуш иштери качан башталары белгисиз, азыр анын юридикалык жактары талкууланууда. 50 пайызын Кыргызстан, 50 пайызын Орусия каржылайт.

Кыргызстандын Орусияга 189 миллион доллар карызы толугу менен кечилди. Ал эми 2009-жылкы 300 миллион доллар карызы 2016-жылдан баштап 10 жыл аралыгында кечиле баштайт. Ар бир жылга 30 миллион доллардан туш келет. 2016-жылга чейин жеңилдетилген система боюнча төлөө сакталат.

Орусиянын Кыргызстандагы аскер базалары боюнча өзүнчө келишимге кол коюлуп, азыркы келишимдин убактысы бүткөн соң, базалар бириктирилип, анын мөөнөтү 15 же андан көп жылга узартылмай болду.

Журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, эки президент Кыргызстандагы АКШ базасынын тагдыры тууралуу да суроолорго жооп беришти.

"Биз Америка базасы боюнча суроону талкуулаган жокпуз, бирок 2010-жылдан бери мен “Манас” аэропорту жарандык гана максаттарда колдонулушу зарыл деп келем. Ал жер башка бир мамлекеттин аскер базасы турган жай болбошу керек. 2014-жылы “Манас” кайра жарандык аэропортко айланат, мен бул оюмду эч качан жашырган эмесмин", - деди Алмазбек Атамбаев.

ГЭСтердин курулушу боюнча коңшу өлкөлөрдүн, анын ичинде Өзбекстандын туруму боюнча суроо да узатылды. Владимир Путин бул суроого дипломаттык мүнөздө жооп кайтарды:

- Биз региондогу бардык тараптардын кызыкчылыктарын эске алышыбыз керек. ул мүмкүнбү? Мүмкүн. Ал үчүн бардык тараптар чогуу отуруп, талкуулашы керек.

Орус президенти өткөн жылы жаңы мөөнөткө шайлангандан бери Кыргызстанга алгачкы ирет келди. Путин 19-сентябрда Казакстанда болуп, ал жактан ошол эле күнү кечинде Бишкекке учуп келген.

Путиндин Кыргызстанга жасаган расмий сапарын Орусиянын жоон топ мамлекеттик жетекчилери коштоп келди. Кыргыз президентинин маалымат кызматынын билдиргенине караганда, аны биринчи вице-премьер-министр Игорь Шувалов, тышкы иштер министри Сергей Лавров, энергетика министри Александр Новак, коргоо министри Анатолий Сердюков, “Русгидронун” жетекчиси Евгений Дод, Интер РАО ЕЭСтин башкаруу уюмунун төрагасы Борис Ковальчук, Федералдык бажы жана миграциялык кызматтын башчылары коштоп келди.

Жолугушуулар бүткөн соң Путин 20-сентябрда кечке жуук кайрадан Орусияга учуп кетти.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG