Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:48

Грузияда түрмөлөрдөгү кыйноолорго каршы демонстрациялар уланууда


Тбилисиде түрмөлөрдөгү кыйноолорго каршы демонстрация кечээ да болду. Бир нече күн мурун абактын кызматкерлери ал жерде отургандарга ыдык көргөзүп, зордуктап жатканы тартылган видеотасма ачыкка чыгып кеткен. Тасманы оппозициялык телеканалдар тартуулаган.

Түрмө жаңжалы 1-октябрда өтүүчү парламенттик шайлоого көлөкө түшүрүшү мүмкүн деп айтылууда. Президент Михаил Саакашвилинин бийликтеги Улуттук кыймыл партиясына атаандаш болуп миллиардер Бидзина Иванишвили жетектеген “Грузия кыялы” коалициясы чыгууда.

Саакашвили жаза өтөө системасында тартип орнотууга убада кылды. Тасма чыккандан кийин эки министр кызматтан кетти.

Президенттин тарапкерлери оппозиция өкмөттү дискредитациялоо максатында видеону атайлап тарттырган деген кине артууда.

XS
SM
MD
LG