Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:05

Өмүрбек Суваналиев Бишкек мэрлигине ат салышат


Нарын облусунун мурдагы губернатору, генерал-майор Өмүрбек Суваналиев Бишкек шаар мэрлигине талапкерлигин көрсөтөт. Бул маалыматты “Азаттыкка” Суваналиев өзү тастыктады. Ал “Ар-намыс” партиясы менен бирдикте алгач Бишкек шаардык кеңешине депутаттарды шайлоого катышып, андан соң мэрликке ат салышмакчы. Мындай чечим партиянын саясий кеңешинин 23-сентябрда өткөн жыйынында кабыл алынды. Бишкек шаардык кеңешине шайлоо 25-ноябрда өткөрүлмөкчү.

Өмүрбек Суваналиев 1998-жылдан бери “Ар-намыс” партиясынын мүчөсү болуп келгенин, мамлекеттик кызматка келген учурларда гана мүчөлүгүн убактылуу токтотуп турганын кошумчалады. (KKs)

 

XS
SM
MD
LG