Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:53

Жогорку Сот Ала-Букада судья токмоктолгонун тастыктады


Жогорку Сот бүгүн Ала-Бука райондук сотунун судьясы Абибилла Жарымбетовду жүзгө чукул жергиликтүү тургундар сабап салганын тастыктады. Мекеменин басма сөз кызматынан “Азаттыкка” кабарлашкандай, судья аймактык ооруканага жаткырылып, анын баш мээси чайкалганы аныкталды. Маалыматка ылайык, Жарымбетов 16-сентябрда ээнбаштык боюнча айыпталган Рахмидин Эгембердиев менен Шухрат Эгембердиевдин баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарган. Анын чечимин кечээ облустук сот да күчүндө калтырган.

Эки адамдын үй камагына чыкканына нааразы топ бүгүн 11-12лер чамасында иш бөлмөсүндө отурган судья Абибилла Жарымбетовду милицияга баш бербестен, сыртка сүйрөп чыгышып, райондук ички иштер бөлүмүнө алып бара жаткан жолдо ур-токмокко алышкан.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Малик Нурдиновдун “Азаттыкка” кабарлашынча, 8-сентябрда райондогу Достук айылында кыргыз жана өзбек тектүү балдар уруша кетишкен. Натыйжада эки тарап бири-бирине каршы арыз жазган. Натыйжада өзбек тектүү эки бала ээнбаштык боюнча камалып, соттун чечими менен үй камагына чыгарылган. (KKs)

XS
SM
MD
LG