Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:24

АКШ элчилиги тасмага каршы митинг боюнча үн катты


АКШнын Кыргызстандагы элчилиги “Бейкүнөө мусулмандар” тасмасына каршы кечээ Бишкектеги элчиликтин алдында өткөн митинг боюнча билдирүү таратты. Анда элчиликтин кызматкерлери митингдин уюштуруучулары менен жолугуп, алардан кат кабыл алганы айтылат.

“Элчиликтин кызматкерлери АКШ өкмөтү бул тасмага эч кандай тиешеси жок деп бир нече жолу кайталап айтканын дагы бир жолу билдирүүдө. Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон айткандай, АКШ өкмөтү бул материалдын чакырыгын жана мазмунун «жийиркеничтүү жана сөгүшкө татыктуу» деп четке кагат. Бардык дин өкүлдөрүнүн, миллиондогон мусулмандардын үйү болуп саналган Америка Кошмо Штаттары динди жамандоону толугу менен айыптайт”, - деп жазылат билдирүүдө.

Ошондой эле АКШ элчилиги кыргыз өкмөтүнө кызматкерлерин жана имаратын коргоого болгон аракетине ыраазычылык билдирип, демократиялык принциптерге шайкеш келген тынч митингди баалай турганы белгилеген.

Кечээ жүзгө чукул киши АКШ элчигинин алдында митинг уюштуруп, исламга акарат келтирет делген тасманын авторлорун жазалоонун талап кылышкан. (KKs)

XS
SM
MD
LG