Иран аскердик чабуулга жооп кайтарууга кудурети жетээрин эскертти. Ирандын Улуттар уюмундагы миссиясынын жетекчи орун басары Эшаг ал-Хабиб Израилдин билдирүүсүн негизсиз жана абсурд айыптоолор деп атап, өлкөнүн ядролук программасы тынчтык максаттарын гана көздөөрүн белгиледи. Анын алдында Израилдин премьер-министри Бенямин Нетаняху БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөп жатып, Ирандын ядролук программасы үчүн "кызыл сызык" белгилөөгө чакырган. Ошол сызыктан өтүп, Тегеран атомдук изилдөөлөрүн уланта берсе, анын арты куралдуу жаңжалга алып келиши ыктымал, - деген Нетаняху.