Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:54

Дүйшөмбү шаарында мыйзамсыз маңзаттарды ташуу маселеси талкууланды


Дүйшөмбү шаарында Тажикстан, Ооганстан, Пакистан жана Орусиянын маңзатка каршы күрөшүү мекемелеринин башчылары мыйзамсыз маңзаттарын ташуу маселесин талкуулашты. Орусиянын маңзаттарды көзөмөлдөөчү федералдык кызматынын жетекчиси Виктор Ивановдун айтымында, Ооганстанда ушул тапта 20 тоннадай мыйзамсыз апийим топтолуп турат, ал дүйнөнүн булуң-бурчуна жеткирилмекчи. Ооганстанда апийим ушунчалык көп өндүргөндүктөн, сунуш талаптан ашык болуп чыкты, - деди Иванов.

Жетекчилер наркотрафикке каршы күрөшүүнүн 5 жылдык жол картасы боюнча макулдашышты. Бирок Иванов белгилегендей, маңзаттарынын аткезчилигин азайтуу үчүн сөз болгон 4 өлкө 500 миллион доллар каражатка муктаж.

Ал эми Кыргызстан парламентинин спикери Асылбек Жээнбеков БУУнун Башкы ассамблеясында сөз сүйлөп, Ооганстандан чыккан маңзаттарга бөгөт коюу үчүн Борбор Азия өлкөлөрүнө техникалык-экономикалык колдоо көрсөтүлүшү зарыл деп билдирди:

- Ооганстандын тынч жол менен өнүгүүсү апийимдин өлкөнүн чар тарабында системалык түрдө өстүрүлүшү тыйылбаса мүмкүн эмес болот. Жылдар бою Ооганстан маңзаттардын ири өндүрүүчүсү жана экспортеру болуп келатат. Бул адам өмүрлөрүн алып кетип жаткан уулуу заттардан транзит жолдорунда орун алган Борбор Азия өлкөлөрү да зыян тартып жатат. Аймак бара-бара маңзаттарын керектөөчүлөргө айланып баратат, - деди Жээнбеков.

XS
SM
MD
LG