Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:09

Мурат Суталинов үй камагына чыкты


Апрел окуясы боюнча соттолуучу Мурат Суталинов үй камагына чыкты. Мындай чечимди бүгүн судья Дамир Оңолбеков чыгарды.

Суталинов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында камакта болчу. Ден соолугуна байланыштуу ооруканага жатканы кабарланган. Адвокаты аны үй камагына чыгарып бергиле десе, мамлекеттик айыптоо тарабы Бишкектеги №47 колонияга которууну өтүнгөн.

2010-жылдын апрелине чейин Суталинов мурдагы президент Курманбек Бакиевдин күч командасындагы негизги башчылардын бири болчу. 7-апрелден кийин дайыны жок болуп жүрүп, кийин сотко өзү келген. Онкологиялык илдетке чалдыгып, бир бөйрөгүн алдырганы, учурда химиотерапиядан өтүп жатканы айтылууда. Ден соолугунун начарлашынан улам Суталинов 21 килограмм арыктап, абалы өтө начарлап кеткенин айтып жатышат.

2010-жылдын 7-апрелинде токсонго жакын адамдын өлтүрүлүшүнө байланыштуу соттук териштирүү аяктай элек. Суталинов менен катар соттолуучулардын арасында мурдагы президент Курманбек Бакиев өзү жана анын жакындары, командасынын мүчөлөрү бар. (AKu/RK)

XS
SM
MD
LG