Эл аралык Amnesty International укук коргоо уюму бүгүн жарыялаган баяндамасында Египетте укук коргоо органдарында жана армияда кызматын кыянаттык менен пайдалангандар көп экени айтылат. Уюмдун билдирүүсүнө ылайык, 2011-жылы Хосни Мубарак бийликтен кеткенден кийин деле күч органдары адам укугун одоно бузган көрүнүштөрдөн арылган эмес. Баяндамада полиция жана аскерлер митингге чыккандарды күчтөп таратканы факты менен көрсөтүлгөн. Amnesty International уюмунун аткаруучу директору Сьзан Носсель Египеттин азыркы президенти Мухаммед Мурсини өлкөдө “мыйзам баарына бирдей” деген принципти бекемдөөгө үндөдү.