Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:52

Парламенттин сыртындагы абал толугу бойдон милиция көзөмөлүндө


Жогорку Кеңештин сыртындагы абал толугу бойдон милициянын көзөмөлүндө. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев билдирди. Анын айтымында, парламенттин ичине кирүүгө аракет жасаган айрым тартип бузуучулар кармалды, кармоолор дагы эле уланып жатат. Ал эми элди бийликти басып алууга үндөгөн депутат Камчыбек Ташиевди жоопкерчиликке тартуу маселесин Баш прокуратура чечет деп айтты министр.

Милициянын маалыматында, өлкөдөгү жалпы абал тынч, кооптонууга негиз жок.

Бүгүн саат 12де Кумтөр маселеси боюнча Ала-Тоо аянтанда башталган бир миңден ашуун киши катышкан митинг Жогорку Кеңештин короосундагы ызы-чуу менен уланды. Камчыбек Ташиев ээрчитип барган элүү чакты адам дарбазадан секирип өттү. Бирок имараттын ичине киргизилбестен, көздөн жаш агызуучу газ чачылып, сүрүлүп чыгарылды. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG