Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:22

Будапештте кибермейкиндик боюнча конференция өтүп жатат


Кечээ Венгриянын баш калаасында “Кибермейкиндик-2012” эки күндүк конференциясы ачылды. Быйылкы жыйындын негизги максатын уюштуруучулар “мейкиндиктин кубаттуулугун өнүктүрүүнү, виртуалдуу дүйнөнү менчик сектор жана өкмөттүн ортосундагы кызматташтыктын негизинде эркин жана коопсуз колдонууну талкуулоо” деп аныкташты.

Бейшембиде чогулгандардын алдына чыгып сүйлөгөн Британиянын тышкы иштер министри Уилиям Хейг: “Кибермейкиндик келечектеги конфликттердин жаңы фактору катары калыптанып келатат. Көптөгөн өлкөлөр башка мамлекеттер колдогон киберчабуулдардан коргонууга азырынча мүмкүнчүлүгү жок”, - деди.

Былтыр бул боюнча жыйын Лондондо өткөн. Быйылкы конференцияга дүйнөнүн ар кайсыл мамлекеттеринин өкмөттөрүнөн, жеке менчик секторлорунан, жарандык коомдорунан жана окумуштууларынан 600дөй өкүл катышат деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG