Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:18

Орусияда мигранттарга жаза катаалдайт


Орусия бийлиги миграциялык мыйзамдарды бузгандарга кылмыш жазасын күчөтүүнү карап жатат. Мындай маалымат Орусия өкмөтүнүн 4-октябрындагы жыйынын стенограммасында жазылып, ал стенограмма өкмөттүн сайтына жайгаштырылган.

Анда белгиленгенге караганда премьер-министр Дмитрий Медведев өкмөт жыйынында Жазык Кодексине өзгөртүү киргизип, миграциялык мыйзамдарды бузгандардын жоопкерчилигин жогорулатуу сунушталып жатканын билдирген. Муну мигранттарга козголгон жазык иштери көбөйүп баратканы менен негиздеген.

Бул өлкөдө азыр жаңы мыйзам долбоору каралып жатат, ага ылайык чет жердиктер мыйзамсыз жумушка алынган жерлерге 200 миң рубль айып салынат. Ошондой эле чет элдиктерге турак-жай, имараттарды мыйзамсыз бергендер да 200 миң рубль айып пулга жыгылат. Эгерде аны бир нече адам биригип жасаса, 3 жылга чейин эркинен ажыратылат жана 300 миң рубль жаза төлөйт.

Жыйында Дмитрий Медведев мыйзамсыз аракеттер менен кармалгандар көп болсо 5 миң рубль төлөп чыгып кетип жатышканын билдирген.

Орусиянын азыркы эмгек миграция мыйзамында мыйзамсыз жумушка алынган жарандарга 1000 рублдан 5000 рублга чейин, ал эми жумушка алгандарга 800 миң рублга чейин жаза пул каралган. (AKu)

XS
SM
MD
LG