Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:58

Жалал-Абад: нааразылык акция өтүүдө


Жалал-Абаддагы митингден, 4-октябрь, 2012.
Жалал-Абаддагы митингден, 4-октябрь, 2012.

Жалал-Абаддагы обладминистрациянын алдында камактагы депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду колдогон митинг башталды.

Жергиликтүү милиция мыйзамсыз аракеттерге жол берилбесин эскертүүдө. Серепчилер Кыргызстандагы саясий кырдаалдын андан ары өнүгүшүн түрдүүчө божомолдоп жатат.

Учурда Жалал-Абадда милиция күчөтүлгөн тартипте иштөөдө. Облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Малик Нурдинов 8-октябрга белгиленген митингге байланыштуу түшүндүрүү, ымалага келтирүү аракеттери көрүлүп жатканын “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, эл арасында азыр облустук акимчилик, атайын кызматтын имаратына чабуул жасалышы ыктымал деген ушак кептер тарап жатат:

- Азыр шаардын борбордук аянтында үч боз үй тигилип турат. Анда 10 чактыдай адам бар. Жаштар болсо эртеңки митингге эл топтоп жүрөт. Булар мыйзамдуу, тынч митинг өткөрөбүз деп айтып жатат. Жолдо жөө жүрүш кылабыз деп жатат. Таасир этүүнү тынч жол менен эле өткөрөбүз дешет. Чабуул жасалат экен деген ушактар чыгып жатат. Бирок биз укук коргоо органдары түшүндүрүп, мыйзам бузбагыла деп алдын ала иш жүргүзүп атабыз. Чабуул болот деген так маалымат жок, бирок бизде мыйзамсыз аракеттерди басууга күч жетет.

Ал ортодо Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында жаткан депутаттар Камчыбек Ташиевге, Садыр Жапаровго жана Талант Мамытовго акыйкатчы Турсунбек Акун кирип чыкты. Акун Жалал-Абадга барып, Ташиевдин жакындары менен жолугуп, депутаттын кайрылуусун жеткирди:

- Туугандарына митингге чыкпагыла деп айттырды. Ташиев өзү “менин күнөөм жок, чыгарсын, болбосо саясий куугунтук болуп калат деп айтты. Бирок өзүмдү өзүм күнөөлөп атам, уялып атам, эмоцияга берилип туура эмес кылып алдым, Ак үйдү алайын деген жокмун, жумуш ордума бараткам, эшикти ачпаса анан тосмону ашып кеттим да", - деп айтты.

Жалал-Абадда Камчыбек Ташиевдин тарапкерлери 4-5-октябрь күндөрү камалган депутаттарды бошотуу талабы менен митинг өткөрүп, Бишкек-Ош жолун тосууга чейин барышкан. Бирок акыркы эки күндөн бери мындай нааразылык акциялары токтоп турган.


5-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту “Ата-Журт” фракциясынын депутаттары Жапаровду, Ташиевди жана Мамытовду эки айга камоо тууралуу чечим чыгарган. Аларга мамлекеттик бийликти күчтөп басып алууга аракет кылуу жана Конституциялык түзүлүштү өзгөртүүгө чакырык таштоо боюнча айып тагылды.

Оштогу “Адам укуктары жана демократия” борборунун жетекчиси Идирис Кубатбеков Ташиевдин камалышы өлкөдөгү ички саясий кырдаалга таасир этиши ыктымалдыгын айтат:

- Парламентте көп добуш алган партиянын лидери, өкүлү катары, экинчиден президенттик шайлоодо үчүнчү орунду алган талапкер катары, адам катары да кандайдыр бир деңгээлде колдоочулары бар. Ошондуктан ага байланыштуу окуялар саясий кырдаалдын өзгөрүшүнө таасир этет. Бирок жөө жүрүштөр, жолдордун буулушу демократиялык принциптерге туура келе бербейт. Себеби биз бардык нерсени мыйзамдын алкагында чечүүнү үйрөнүшүбүз керек. Биз мына эки жолу укуктук талаадан чыгып кетип, бийликти басып алуу сыяктуу көрүнүштөрдү баштан өткөрдүк. Өкүнүчтүүсү бул нерсе салтка айланып, ушундай кылса болот деген ой-пикирди пайда кылып жатат.

Камалган депутаттар боюнча тергөө качан аяктап, сот жараяны канчага созулары белгисиз.

Кыргызстанда буга чейин да айрым партия лидерлери бийликти күч менен басып алуу, калайман башаламандыкты уюштуруу беренелери боюнча камакка алынган. “Жаңы Кыргызстан” партиясынын төрагасы Үсөн Сыдыков менен “Мекеним Кыргызстандын” жетекчиси Урмат Барыктабасов үй камагына чыгарылган. Ал эми Кыргызстан коммунисттер партиясынын башчысы Исхак Масалиев акталган, учурда ал Салык кызматын жетектеп жатат.

XS
SM
MD
LG