Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:44

Конституциялык палатанын судьяларын тандоо үзгүлтүккө учурады


Бүгүн Сотторду тандоо кеңешинин мүчөлөрү бир пикирге келе албай, Конституциялык палатанын талапкерлерине добуш берилбей калды. Кеңештин басма сөз катчысы Кундуз Жолдубаеванын билдиришинче, талапкерлерди тандоонун үчүнчү туруна Сотторду тандоо кеңешинин 24 мүчөсүнөн 21и келген. Кворум болгонуна карабай, кеңештин мүчөлөрүнүн арасында пикир келишпестик чыккан. Натыйжада кеңештин айрым мүчөлөрү жыйындан чыгып кетишкен. Эми Конституциялык палатага судьяларды тандоонун үчүнчү туру кийинки аптада уланмакчы. (KKs)

XS
SM
MD
LG