Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:33

Конституциялык палатанын судьяларын тандоо 16-октябрда уланат


Бул тууралуу Сотторду тандоо кеңешинин маалымат катчысы Кундуз Жолдубаева билдирди. Маалыматка ылайык, тандоонун үчүнчү туру дүйшөмбүгө белгиленген болчу. Бирок бул күнү кеңештин мүчөлөрү ортосунда талаш чыгып, айрымдары жыйындан чыгып кеткен соң добуш берүү үзгүлтүккө учураган.

Эми тандоо 16-октябрда уланат. Анда кеңеш мүчөлөрү талапкерлерге добуш берип, эң көп добуш алган 9 талапкердин тизмеси беш күн ичинде президенттин кароосуна жөнөтүлөт. Президент талапкерлерди иргеген соң бекитүү үчүн парламентке алып чыгат.(BkA)

XS
SM
MD
LG