Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:56

Чүй: чек арачынын өлүмү иликтенүүдө


Чүй: чек арачынын өлүмү иликтенүүдө
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:34 0:00

Чүйдөгү чек арачынын өлүмү боюнча эки жоокер көрсөтмө берип жатат.

Ново-Покровкадагы чек ара аскер бөлүккө караштуу Милянфан айылындагы тозотто 5-октябрда бир жоокер өзүн өзү атып өлтүргөнү кабарланган. Кыргызстандын чек ара аскерлеринде жыл башынан бери ушуну менен 20га жакын өлүм катталды.

Маркум Чыңгыз Нурланбек уулу аны менен кошо кызмат өтөгөндөрдүн айтымында, көп ачылып сүйлөбөгөн, түнтүрөөк бала болгон экен. Командири, сержант Азамат Масылбеков каргашалуу кабарды 5-октябрда түшкө жуук уккан:

- Ошол каргаша, кырсык болгон күнү мен наряддан келип түшкө чейин эс алгам. Ал балдар эртең менен чогуу барып жүгүрүп келген. Түштө тамак ичээр алдында атынып алыптыр деген кабар келди. Уккан кулагыбызга ишенбей калдык. Өзү сүйлөбөгөн, түнтүрөөк, суроо бергенде гана жооп берген бала болчу.

Чыңгыз Нурланбек уулу ошол күнү кайгуулга өзүнөн мурун келген эки жоокер менен чыккан экен. Бирок атынып алды деген маалда жанында ал чек арачылар болгон эместигин айтышты. Учурда бул эки жоокер көрсөтмө берип жатат.

Чыңгыздын командири Азамат Масылбеков тозотто жашоо-шарт ойдогудай деп айтып берди. Жоокердин өлүмүнө мурун келгендердин кийинкилерге үстөмдүгү болушу ыктымал экенин четке кагууда:

- Биз чакан тозотпуз. Андай мамилелер дароо эле көрүнүп калат. Дене-баштары күн сайын текшерилип турат. Андай болушу мүмкүн эмес. Бул жакта ар бир ишемби сайын аш басып жейбиз, ар бир үч айда майрамдык үстөл, лагман жасайбыз. Түшкү тамакты салат менен жешет. Футбол ойношот, өтүктөрүн чечип коюп, жеңил тапичке менен үйдөгүдөй эле жүрүшөт. Берки балдар да аябай жакшы балдар. Чогуу ойноп, чогуу эле жүрүшчү. Кетерине жарым ай калган балдарга убал эле болду.

Маркум жоокер ушул жазда Кеминден чакырылган экен. Талас Элчибеков экөө бирге кызмат өтөп жаткан:

- Кызматка биринчи чакыруу менен 11-майда келгем. Экинчи чакыруу менен дос балам Чыңгыз Нурланбек уулу келген. Жакшы эле жүрчү, кайгыра турган нерсе деле жок болчу. Экөөбүз бири-бирибизге сырыбызды айтып берчүбүз. Кызматты бүткөндөн кийин дал ушул тозотто калалы деген оюбуз бар болчу. Андай атынуу жөнүндө ою дле жок болчу. Балким ок жок болсо керек деп кокусунан атып алышы мүмкүн. Үйдөгүлөр менен сүйлөшүп турганга мүмкүнчүлүк бар. Телефон менен байланышабыз. Үч күндө бир, кээде сагынып кетсек күндө деле сүйлөшүп турабыз. Нурланбек уулун 13-сентябрда туулган күнүндө апасы келип алып кеткен. Бизге да салат, тамак-аш алып келген. Ал эки жолу үйүнө барып келген.

Чыңгыз Нурланбек уулу кызмат өтөп жаткан чек ара туругу 8 жыл мурун эле салынган. Шарты салштырмалуу дурус саналат.

Учурда бул окуя боюнча кылмыш иш козголуп тергөө баштаплды. Кызматтык иликтөө жүргүзүү үчүн комиссия түзүлдү.

Милянфан айылындагы тозотто бир жыл мурун дагы бир жоокер атынып алган. Иликтөө мындай кадамга үй-бүлолүк проблемалардан улам барганын аныктаган.

Чек ара аскерлигинде ушуну менен жыл башынан бери 19чу өлүм катталды. Былтыр 12 жоокер өлгөн.

Жогорку Кеңеште өткөн жума күнү чек ара маселеси талкууланып, абал оор экени айтылган. Маселен чек ара кызматы сураган акчанын теңинен жетпегени эле берилген, чек арачылар Коргоо министрлиги, атайын кызматтка салыштырмалуу маяна алат, ушундан улам кадрлар токтобойт.

XS
SM
MD
LG