Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:21

Нариман Түлеев 15-ноябрга чейин камакта калтырылды


Бишкектин Биринчи Май райондук соту депутат Нариман Түлеевдин камактагы мөөнөтүн дагы бир айга узартты. Эми депутат 15-ноябрга чейин УКМКнын тергөө абагында кармалмакчы. Бул тууралуу “Азаттыкка” эл өкүлүнүн жактоочусу Султан Баратов билдирди.

Коррупцияга шектелип 25-июнда УКМКнын тергөө абагына камакка алынган Түлеевдин камактагы мөөнөтү 15-октябрда соңуна чыгышы керек эле. Мындан улам мамлекеттик айыптоочу Нариман Түлеевдин камактагы мөөнөтүн дагы бир айга узартууну соттон өтүнүнгөн. Сот мамлекеттик айыптоочулардын өтүнүчүн орундатты.

Соттун мындай чечимине макул болбогон Түлеевдин адвокаттары ушул аптанын ичинде Бишкек шаардык сотуна кайрылаарын билдиришүүдө.

Ошол эле учурда Түлеевдин камалышынын мыйзамдуулугун иликтеген депутаттык комиссия иштеп жатат. Анын мүчөсү Ыргал Кадыралиеванын айтымында, комиссиянын корутундусу кийинки жумада парламент жыйынына сунушталат.

Бишкек шаарынын мурунку мэри, азыр “Ата-Журт” партиясынан депутат Түлеевди 21-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет камакка алган. Ага мэр кезинде Кытайдан автобустарды алып келүү учурунда ири көлөмдөгү зыян келтирген жана шаардагы бала бакчалардын бирин мыйзамсыз сатып жиберген деген айыптар тагылып жатат.(BkA)

XS
SM
MD
LG