Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:53

Оштогу митингде төрт милиция кызматкери жабыркады


Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков кабарлады. Анын айтымында, бүгүнкү митинг учурунда төрт милиция кызматкери жеңил жараат алды. Ал эми митингди уюштургандар алар тараптан да бир аялдын колу чыгып кеткенин айтышууда. Бирок бул маалымат тастыкталган жок.

Оштун борбордук аянтына бүгүн миңдин тегерегинде киши митингге чыкты. Алар бийликти басып алууга аракет кылган деген айып менен камакка алынган депутаттарды бошотууну талап кылышты. Алты аял ооздорун скотч менен жаап, ачкачылык жарыялап башташканын билдиришти. Митинг эртең кайра уланмай болду.

3-октябрда Бишкекте Кумтөр ишканасын улутташтыруу боюнча митинг башаламандык менен коштолуп, Ак үйгө чабуул жасалган. Ак үйдүн тосмосунан ашып түшкөндөрдү милиция күчтөп тараткан. Бул окуядан соң ЖК депутаттары: Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовго мамлекеттик бийликти күчтөп басып алууга аракет кылуу жана Конституциялык түзүлүштү өзгөртүүгө чакырык таштоо боюнча айып тагылып, УКМК абагына камалган. 5-октябрда сот алардын абактагы мөөнөтү эки айга узарткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG