Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:40

Нобел: сыймык да, сын да көп


Ангела Меркел бүгүн Берлинде маалымат жыйынын өткөрдү
Ангела Меркел бүгүн Берлинде маалымат жыйынын өткөрдү
Еврокомиссиянын башчысы Жозе Мануэл Баррозу Нобел комитети Евробиримдикти тынчтык сыйлыгына татыктуу деп тапканы үчүн аймактын 500 миллион жашоочусу сыймыктанарын билдирди. Европарламенттин төрагасы Мартин Шульц да бул жаңылык менен “терең сыймыктанарын” айтты.

Германиянын канцлери Ангела Меркел Берлинде атайын маалымат жыйынын өткөрүп, анда буларды айтты:

- Европадагы алтымыш жылдык тынчтык - бул Европа союзунда жашагандар үчүн узак убакыт, бирок тарыхтын көзү менен карасак бул көз ирмем гана. Ошон үчүн биз тынчтыкты, демократияны, адам укугун сактоону токтобостон улантып, жан үрөшүбүз керек.

Нобел комитетинин бул чечимин орусиялык бир катар укук коргоочулар сындап чыкты. Мисалы, укук коргоочу Лев Пономарев “Нобелдин тынчтык сыйлыгы өз өмүрүн тобокелге салып, тынчтык үчүн күрөшкөн адамдарга берилиши керек болчу”-дейт.

Анткен менен Нобел комитетинин башчысы Торборн Ягланд “Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Европанын биригишине Евробиримдик тарыхый салым кошконун” белгиледи.

XS
SM
MD
LG