Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:17

Садыр Жапаровдун тарапкерлери ачкачылык жарыялады


Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Түп-Кеген жолунда боз үйдө нааразылык билдирип отургандардын бир тобу бүгүн ачкачылык жарыялашты. Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Алардын саны 25тей. Негизги талабы камактагы депутат Садыр Жапаровду бошотуу.

“Ата-Журт” фракциясынын депутаты Садыр Жапаров партиялаштары Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытов менен бирге 3-октябрда Ак үйдүн алдындагы тополоңдон кийин камакка алынган. (MK/AKu)

XS
SM
MD
LG