Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:30

Малаланы дарылаганга Эмираттын үч ооруканасы даяр


Пакистандык доктурлар талиптердин огунан оор жараат алган тестиер кызды сырт өлкөдө дарылоо зарыл десе, ал үчүн Бириккен Араб Эмирлиги тез жардам учагын жөнөткөнгө даяр. Исламабаддын Дубайдагы элчиси Жамил Ахмед Хандын Пакистандын Geo TV телеканалына айтышынча, учактын экипажы жана алты доктор визарларды алып, Пакистанга учканга даяр турушат. Ошондой эле Дубай жана Абу Дабидеги үч госпитал кызды дарылап караганга даяр, деди элчи.

15 жаштагы Малала Юсуфзай кыздарды окуганга үндөп, эскичил исламчыларды кыздардын билим алуусуна каршы деп сындаганы үчүн өткөн шаршембиде бир кулачан талип атып оор жарадар кылган.

XS
SM
MD
LG