Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:29

Жалал-Абад: Шайлоого даярдык уланууда


Жалал-Абадда жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү уланууда. Кабарчыбыздын айтымында, 15-октябрда кечинде аяктаган "Эгемен Кыргызстан" партиясынын жыйыны Жалал-Абад шаардык кеңешине талапкер кылып 57 адамды, ал эми Компартиянын шаардагы комитети 59 адамды көрсөттү.

Мындан мурда социал-демократтар партиясы 47 талапкерди Жалал-Абад шаар
кеңешине, "Замандаш-Современник" партиясынын өкүлчүлүгү Кочкор-Ата шаар
кеңешинин депутаттыгына 35 адамды талапкерликке сунуш эткен.(YA/RK)

XS
SM
MD
LG