Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:52

Татарстанда ислам маданий борбору жабылат


Казан шаарындагы “Үй-бүлө” деп аталган ислам маданий борборун жабуу жөнүндөгү чечимди кечээ жергиликтүү сот чыгарды.

Тергөөчүлөрдүн айтымында, бул борбор диний китептерди таратып, окутууну уруксатсыз жүргүзүп келген.

Татарстандын бийликтери республикадагы диний уюмдар менен топторду быйыл августа алтымыш беш киши, анын ичинде 27 өспүрүм кирген ислам сектасынын бети ачылгандан кийин текшерүүдө. Ал сектанын мүчөлөрү Казандагы үйдүн жер төлөсүнүн сегизинчи кабатында жашашкан.

Мунун алдында, июлда Татарстандын муфтий Илдуз Файзов бомба жардыруусунан жаракат алса, муфтийдин мурдагы орун басары Валилулла Якупов атып өлтүрүлгөн. Бул кол салууларды радикал исламдын жолдоочусу деп шектелгендер ишке ашырган. (UE)

XS
SM
MD
LG