Адаттан тыш кургак жана жылуу күндөрдөн кийин бүгүн жана 18-октябрдан тарта Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.
18-октябрда өрөөндөрдө жааган жаан карга айланат. Тоо этектеринде жана тоолордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын көп болот.
18-19-октябрда күндүз абанын температурасы өрөөндөрдө 1-6 градуска чейин төмөндөйт. 19-октябрда түнкүсүн өрөөндөрдө 0...-5 градуска чейин жеткен үшүк жүрөт.
Мындай аба ырайы айыл-чара иштерин үзгүлтүккө учуратып, кант кызылчасы жана пахта терүүнү токтотот. Унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. (RK)