Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:59

Күйүүчү май кымбаттайт


Октябрь айынын аягына чейин Кыргызстанда жогорку октандык күйүүчү майдын баасы орто эсеп менен бир сомго кымбатташы күтүлүүдө. Бул тууралуу кечээ “Газпром нефть Азия” ишканасынын дүңүнөн сатуу бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Айтмурзаев журналисттерге билдирди. Ал эми Экономика министрлигинин атаандаштыкты өнүктүрүү департаментинин жетекчиси Данил Ибраевдин айтымында, Орусиядан үстөк төлөмсүз негизде алуу келишилген 1,1 млн. тонна күйүүчү майдын 800 миң тоннадан ашыгы сатылып алынды.

Кыргызстанды күйүүчү май менен негизинен “Газпром нефть Азия” ишканасы тейлейт. Аталган ишкана өлкөнүн күйүүчү май рыногунун 60% ашуун ээлеп, бул тармакта монополист катары эсептелет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG