Лондондо жайгашкан “Эркин Тибет” укук коргоо уюмунун маалыматына караганда, окуя ишемби күнү Гансу провинциясында болгон.
27 жаштагы Лхамо Киеб ысымдуу жигит тибеттиктердин сүргүндөгү руханий лидери Далай Ламанын мекенине кайтуусун колдогон чакырыктарды кыйкырып, өзүн монастырды көздөй бара жаткан жолдо өрттөгөн.
Жергиликтүү коопсуздук кызматынын өкүлдөрү анын артынан чуркашып, өрттү өчүрүүгө аракеттенишкен. Бирок Лхамо Киеб күйүктөн каза тапты.
“Эркин Тибет” уюмунун эсебинде, 2011-жылдын март айынан бери Кытайдын Тибеттеги бийлигине нааразылык иретинде өзүн-өзү өрттөөгө алтымыштай тибеттик барган. (UE)