Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:06

Нарындагы ГЭСтердин пайдубалы түптөлөт


27-октябрда Жогорку Нарындагы курула 4 ГЭCтин пайдубалына капсула салынат. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Нарын районунун Кеңеш айылында өтө турган бул ишчарага президент Алмазбек Атамбаев жана Орусиялык “РусГидро” ачык акционердик коомунун төрагасы Евгений Дод катышаары күтүлүүдө.

Орусия менен биргеликте Жогорку Нарын каскадында 4 ГЭС куруу боюнча келишимге ушул жылдын сентябр айында кол коюлган. Ага ылайык, ГЭСтердин курулушун толугу менен Орусия каржылайт. Курулуш аяктаган соң эки өлкө 50 пайыздык акцияларга ээлик кылышат.

Президент Алмазбек Атамбаев өткөн айда Коомдук каналга интервьюсунда 2013-жылдын февралына чейин Жогорку Нарындагы ГЭСтердин техника-экономикалык негиздемеси даярдалып, март-апрель айларында курулуш башталаарын билдирген.(BkA)

XS
SM
MD
LG