Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:05

Бишкекте Садыр Жапаровдун баш коргоо чарасы каралууда


Ушул тапта Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин депутаты, "Ата-Журт" фракциясынын лидери Садыр Жапаровдун баш коргоо чарасын жабык карап жатат. “Укук коргоо органдары Жапаровдун алынып келингенин, сот жараяны башталганын билдиришти”, - дейт “Азаттыктын” кабарчысы Кубат Касымбеков. Анын айтымында, сотко эч кимди киргизбей жатат. Депутаттын 30-40тай тарапкерлери соттун алдына чогулуп, Жапаровду үй камагына чыгарууну, саясий куугунтуктарды токтотууну талап кылышууда. Сот болуп жаткан жерде коомдук коопсуздукту сактоо үчүн 100дөн ашуун милиция кызматкерлери тартылган.

3-октябрда бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып менен "Ата-Журттун" үч депутаты Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов 5-октябрда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эки айга УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Мындай чечимге каршы болгон айыпталуучу тараптын адвокаттары шаардык сотко кайрылган. 17-октябрда Бишкек шаардык соту райондук соттун Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытов боюнча чечимин өзгөртүүдөн баш тарткан.(КЕ)

 

XS
SM
MD
LG