Италиянын соту 6 окумуштуу-геофизик жана өкмөттүн бир чиновнигин 6 жылга абакка кесүү өкүмүн чыгарды. Алар 2009-жылы Абруццо чөлкөмүнүн калкын жер титирөө тууралуу өз убагында кабардар кыла албагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылды. Ошол жылдын апрель айында 6,3 баллдык зилзала Аквила шаарында 300дөн көп адамдын өмүрүн алып кеткен, миңдеген адам жарадар болуп, он миңдеген турак жай жер менен жексен болгон.
Соттолгон 7 адамдын бардыгы өзгөчө кооптуу кырдаалдарды алдын алуу боюнча Улуттук комиссиянын мүчөлөрү болчу. Прокуратура алар бир нече күнгө созулган силкинүүлөр жараткан коопко шалаакылык менен мамиле кылышкан деп эсептейт. Ал эми окумуштуулардын адвокаттары жер титирөөлөрдү, катуу шамал же башка жаратылыш кырсыктары сыяктуу тактык менен прогноздоо кыйын дешет.
Илимий чөйрөнүн өкүлдөрү италиялык кесиптештерин коргогон билдирүүлөрдү жасап келишти.