Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:52

Обама менен Ромни тышкы саясатты эл алдында талкуулашат


АКШ президенти Барак Обама жана атаандашы, республикачылардын талапкери Митт Ромни шайлоо алдындагы акыркы эрөөлдө тышкы саясатты талкуулашмакчы. Атаандаштар Ливия, Кытай, Ооганстан, Сирияга байланышкан маселелер, Ирандын атомдук программасы боюнча көз караштарын ортого салышмакчы. Ромни куралдуу күчтөрдүн потенциалдуу башкы командачысы катары эл аралык саясатты мыкты билээрин далилдеши керек. Флоридадагы Линн университетиндеги дебат 90 мүнөткө созулуп, аны Си-Би-Эс каналынын журналисти Боб Шиффер алып бармакчы.

Жекшембиде жарык көргөн айрым сурмжылоолорго караганда, Обама менен Ромни теңме-тең келатышат.

АКШда президенттик шайлоо 6-ноябрда болот.

XS
SM
MD
LG