Бул Токтогул суу сактагычына суу толтуруу үчүн жасалып жатканын “Азаттыкка” Энергетика жана өнөр жай министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, суу сактагычтагы суунун көлөмү азыр 17 миллиард 452 миллион кубометр. Кыш мезгилинде электр энегриясын өндүрүүгө кыйынчылык жаратпоо үчүн өткөн аптанын соңунан тарта Казакстанга электр энергиясын экспорттоо токтотулду.
“Электр станциялары” ачык акционердик коомунун маалыматы боюнча, жыл башынан бери Казакстанга 1 миллиард 260 миллион кВт. саат энергия сатылган.
Кыргызстанда 2009-жылы Токтогул ГЭСиндеги суунун көлөмү азайып кетип, энергетикалык кризиске кептелген эле.