Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:00

Кыргызстанда эмчек рагына каршы акция өтүүдө


Бишкектеги Улуттук онкология борборунда Бүткүл дүйнөлүк эмчек рагы тууралуу маалымдоо күнүнө карата дүйшөмбүдөн тарта акция өткөрүлүүдө. Акция алкагында бардык каалочулар борбордо дарыгерлердин текшерүүсүнөн акысыз өтүшөт. Акция 26-октябрга чейин уланат.

Саламаттык сактоо министрлигинини маалыматы боюнча, Кыргызстанда рак оорусуна чалдыккан аялдардын ичинен эң көбү эмчек рагынын кесепетинен каза болот. Маселен, 2010-жылы 530 аял рак оорусуна чалдыкканы аныкталса, бир жыл ичинде 200гө жакыны каза тапкан. Дарыгерлер өлкөдө жыл өткөн сайын бул дартка кабылгандар көбөйүп жатканын билдиришүүдө.(BkA)

XS
SM
MD
LG