Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:36

Шаар тазалыгын бузган саясий партиялар жазаланат


Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов саясий партияларга жасаган кайрылуусунда айтылат. Ал жакында шаардык кеңештерге шайлоо башталарын эскертип, үгүт маалында шаардын тазалыгын сактоого, аялдама жана башка коомдук жайларга жарнама кагаздарын жармаштырбоого, мыйзам чегинде иш алып барууга чакырды. Бул тууралуу "Азаттыкка" мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Өткөн шайлоолордо үгүт материалдарды бак-дарактарга чейин илип, жармаштырган учурлар кездешкен. Шайлоо бүткөн соң шаарды тазалоого кыйла каражат жумшалган.

25-ноябрда 25 шаардык жана 416 айылдык кеңешке шайлоо өтөт. Үгүт иштери 25-октябрда башталат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG