Ливандагы сириялык бозгундардын саны 101 миңден ашып кеткенин Бириккен улуттар уюмунун Качкындар агенттиги маалымдады. Агенттиктин өкүлү Мелисса Флеминг аймындын шаршемби күнү билдиришинче, Ливандан башка Иорданияда 105 миң, Түркияда 101 миң, Иракта 42 миңден ашуун сириялык качкын катталган. Ал эми Иордан өкмөтү өлкөгө 200 миңден ашуун сириялык ооп келгенин айтууда.
Дүйшөмбү күнү түндө Иорданиядагы сириялыктардын бир жааты жашоо шартына нааразы болуп, 20дан көп чатырды өрттөп жиберишти. Жергиликтүү соопкерчилик уюмдарынын кабарлашынча, тополоң Иорданиянын түндүгүндөгү Заатари чөлүндөгү качкындар лагеринде болгон.