Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:22

Бир берене, жүз пикир


КСДП фракциясынын мүчөсү Исмаил Исаков президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жолдоду.

Анда депутаттарды камакка алуу үчүн прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 295-беренесин атайын пайдаланганы жана саясий оппоненттерге мамиле мурунку мезгилдерди эске салып жатканын билдирген.

"Арай көз чарай" талкуусуна Жогорку Кеңештин депутаты Исмаил Исаков, акыйкатчы Турсунбек Акун жана башкы прокурордун орун басары Нурлан Жээналиев катышты.

"Азаттык": Нурлан мырза, Кылмыш-жаза кодексинин 295-беренеси менен айып койгудай 3-октябрда бийликти басып алуу болдубу?

Нурлан Жээналиев: Мыйзам чыгаруучу 295-берененин биринчи бөлүгүн экиге бөлгөн. Биринчиси, күч менен бийликти басып алуу же күч менен бийликти кармап туруу деп. Ошон үчүн бул жерге бийликти басып алууга аракет жасалды деп, күч менен бийликти басып алуу дегенге такадык.

Анткени өзүңүздөр көрдүңүздөр, уктуңуздар, ошол жерде Камчыбек Ташиев тарабынан бийликти алалы, мына бүгүн баралы, азыр алалы деген көптөгөн чакырыктар болду. Ошол негиз болду.

297-берене да бар. Ал жерде конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө чакырык каралат. Ошондуктан эки берене коюлуп, 28-берене караган “кылмышка аракет жасоо” кошулуп кетти.

“Азаттык”: Исмаил мырза, башкы прокурордун орун басары келтирген жүйөлөргө кандай жообуңуз бар?

Исмаил Исаков: Бизде мыйзам менен аныкталган эреже бар. Ал Кылмыш-процессуалдык кодекстин 19-беренесинде жазылган. Тергөөчү жагдайды ар тараптан иликтеп, далилдеп, эч кимге тартпай, мыйзамдын негизинде айып коюш керек. Муну прокуратура аткарган жок.

Экинчиден, мен ошол 295-берененин кыргызча вариантын окуп берейин. “Бийликти Кыргыз Республикасынын Конституциясын бузуу менен күчкө салып тартып алганда же бийлик күч менен кармалып турганда” деп жазылган. 3-октябрда эч ким бийликти тартып алган эмес. Кимдер күч менен бийликти кармап турду?

Прокуратура Жогорку Кеңештен макулдук сураштан качып, депутаттарды тезирээк камоо үчүн 295-беренени пайдаланды.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG