Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:24

Кыргызстанда уран калдыктары сакталган 90дон ашуун жай бар


Аларда 300 млн. тоннадай уран жана башка уулуу калдыктар көмүлгөн. Бул тууралуу бүгүн Бишкектеги “Борбор Азиядагы уран калдыктары, аны зыянсыздандыруу үчүн бирдиктүү аракет” деп аталган эл аралык конференцияда биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирди. Анын айтымында, уран калдыктары боюнча маселе эртерек чечилбесе, экологиялык жана гуманитардык капсалаңга алып келиши ыктымал.

Адистердин белгилешинче, Миң-Куштагы, Туюк-Суудагы уран калдыктары сакталган жай айылдын үстүндө орун алган. Ал жерде тоонун боору көчүп кетүү коркунучу бар. Эгерде көлөмү бир млн. кубдан ашуун жер көчсө, сайды бууп, 72 саатта уу заттардын калдыктары сакталган жайды суу каптап, сай аркылуу дарыяга куюлушу мүмкүн. Ал Өзбекстандын Фергана, Казакстандын, Тажикстандын аймагына экологиялык кырсык алып келет.

Расмий маалыматтар боюнча, Борбор Азия өлкөлөрүндө 800 миллион тоннадан ашык уран калдыктары сакталууда. Анын 40 пайыздан ашыгын коркунучтуу радиоактивдүү элементтер түзөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG