Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:47

Абдулла Юсуповдун аялы кармалганы кабарланууда


Талап-тоноочулук боюнча айыпталып, камакта жаткан Абдулла Юсуповдун аялы Рано Юсупова алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Юсуповдун адвокаты Токтогул Абдиев билдирди. Маалыматка ылайык, Рано Юсупова адвокатка чалып, өзүнө карата кылмыш иши козголгонун айткан. Ал жер тилкесин алып беребиз деп кайсы бир жарандан 18 миң доллар алды деп күнөөлөнүп жатат.

“Абдулланын аялы Рано менен өзүм сүйлөштүм. Ал эч кандай эч кимден акча албаганын айтууда. Бул окуяны күйөөсүнүн ишине байланыштуу саясий буйуртма деп эсептейт”,-деди Токтогул Абдиев.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматкерлери бул маалыматты тактап жатышканын "Азаттыкка" кабарлады. 

Абдулла Юсупов 2010-жылдын 7-апрелиндеги талап-тоноочулукка катышкан деп камакка алынган. Жайында ал мурдагы бийлик өкүлдөрүнүн мүлкүн “Ата Мекен” партиясынын жетекчилеринин көрсөтмөсү менен талап-тоногонун айтып чыккан. Бул билдирүүдөн кийин атайын депутаттык комиссия түзүлгөн. “Ата Мекен” партиясынын өкүлдөрү Юсуповдун билдирүүсүн четке каккан болчу. (KKs)

 

XS
SM
MD
LG