Бүгүн Казакстанда сот студент Габит Курманкулду террорчу, полицияга кол салган жана башка айыптары үчүн 12 жылга түрмөгө кести. Сот айыпталуучу жашы жетелек болгону үчүн жумшак өкүм чыгарганын кошумчалады.
21-июнда Актөбө шаарынын четинде Габит Курманкул жана анын эки шериги жол полициясын өлтүрдү деп шектелип, издөөгө алынган. Кылмышкер деп шектелгендер эки күндөн кийин табылып, бирок аларды кармоодо полицияга каршылык көрсөтүп, Курманкул жарадар абалында колго түшкөн, эки шериги окуя болгон жерде набыт болгон.
Курманкулду сот экстремисттик аракети жана башка оор кылмыштары үчүн да айыптуу деп тапты.