Бүгүн Бишкекте кыргыз милициясынын күнүнө жана “Динамо” дене тарбия коомунун түзүлгөнүнүн 85-жылдыгына карата милиция кызматкерлеринин эстафетасы болот. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирүүдө. Иш-чарага Бишкек шаары менен Чүй облусунун ички иштер кызматкерлери катышат. Алар ок атуу, чуркоо жана башка спорттун түрлөрү боюнча күч сынашат. Эстафета борбор калаадагы Дүйшөмбү көчөсүнөн башталып, Тынчтык жана Чүй көчөлөрүндө уланат. (KKs)