Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:51

Атамбаев: Нарында 12 ГЭС курулат


Нарын дарыясына 4 ГЭС: Ак-Булуң, Нарын 1, 2, 3 электр станциялары курулат. Стратегиялык курулуштарга “РусГидро” ишканасы катышат.

Жогорку Нарында курула турган 4 ГЭCтин пайдубалына капсула салуу аземинде мамлекет башчысы "Датка Кемин" подстанциясы курулуп жатканын, эми Нарынды бойлой 12 суу электр станциялары салынарын билдирди.

Нарын дайрасынын баш жагында салына турган ГЭСтердин пайдубалын түптөө аземинде мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын электр менен өзүн өзү толук камсыз кылуунун кезектеги этабы башталганын белгиледи.

Орусия менен биргеликте башталган долбоор саясий эркти талап кылганын Алмазбек Атамбаев баса белгиледи:

- Бүгүн Кыргызстан үчүн абдан маанилүү күн. Бул тарыхый күн кыргыз жана орус өлкөлөрүнүн жакшы мамилесинен улам болуп жатат. Белгилей кетчү нерсе: курулуштун башталышына Орусиянын презденти Владимир Путиндин салымы зор. Андыктан Кыргызстан элинин атынан ыраазычылык билдирем.

Ошол эле кезде Орусия менен биргеликте мындан башка да суу-электр станциялары курула турганын мамлекет башчысы кошумчалады:

- Бүгүн бир эмес, төрт ГЭСтин курулушун баштаганы турабыз. Орусиянын колдоосу менен келечекте да мурда пландалгандай 12 ГЭС курабыз.

Орусиялык “РусГидро” ишканасынын өкүлдөрү буга чейин келип, ГЭСтер курула турган жайларды көрүп кетишкен. Ушул жылдын 20-сентябрында эки өлкө ортосундагы макулдашууга ылайык, Нарын дарыясына 4 ГЭС: Ак-Булуң ГЭСи, Нарын 1, 2 жана 3 электр станциялары курулмакчы.

Аталган курулуштарды 3-4 жылдын арасында аяктоого болоорун жана бардык экологиялык талаптар сакталарын “РусГидро” ачык акционердик коомунун төрагасы Евгений Дод билдирди:

- Биз курулуш иштерин абдан ылдам баштап отурабыз. Курулуш иштери биз болжолдогон мөөнөттөн кечиктирилбей аяктайт деп ишенем. ГЭСтер курулуп бүтсө, Кыргызстан экономикасында чоң жылыштар болот. Орусияда мунай, газ, ал эми Кыргызстанда суу бар. Суу болсо Борбор Азияда мунай менен газдан жогору турат. Андыктан сууну пайдалануу керек, бирок бардык экологиялык талаптарды аткаруу зарыл.

2013-жылдын февралына чейин Жогорку Нарындагы ГЭСтердин техникалык жана экономикалык негиздемеси даярдалып, март-апрель айларында курулуш иштери башталмакчы. Долбоорду ишке ашырууга жергиликтүү тургундар да тартылат - дейт Кыргызстандын энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетов:

- Мына, азыр 12 долбоорчу келип кетти. 3 айдын ичинде техникалык жана экономикалык негиздемеси бүтөт. Анан курулушту баштайбыз. Курулуш иштерине Нарындын тургундары катышат, төрт жылдын ичинде бүтөт. Бул ГЭСтер негизи кышында чыңалууну көзөмөлдөөгө мааниси зор.

"Өлкөдө туруктуулук сакталса, башталган иштер аягына чыгат", - деди өкмөттүн Нарын облусу боюнча өкүлү Канатбек Муратбеков:

- Кудай буйруса беш жылдын ичинде бүтөт деп жатат. Биздин өлкөгө эң негизгиси стабилдүүлүк керек. Баарыбыз бирдей жардам беришибиз керек.

Таш-Башат айылынын тургуну Бекбосун Өскөнбаев бул курулушту айылдыктар колдоп жатканын айтты:

- Эми экологиялык зыяны анча-мынча болушу мүмкүн, мен өзүм токойчумун. Бирок бул мунайга караганда экологиялык жактан таза жана пайдалуу. Анан зыян деп коркпош керек. Чегирткеден корккон эгин экпейт да.

Орток айыл аймагына кирген 4 айылдан учурда 200дөн ашык адам курулушта иштөөгө даяр экенин айыл башчысы Миртемир Турдалиев билдирди:

- Бул кишилер менен жаңыдан эле келип сүйлөшүүлөр башталып жатат. Бизде канча адам иштөөгө бар болгону такталууда. Жумушчуларды айыл ичинде үй менен камсыз кыла аласыңарбы деп жатышат. Сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Аталган 4 ГЭСтин кубаттуулугу 191 мВт түзүп, жылына 1 млрд. ашык кВт саат/электр энергиясын өндүрүп чыгат.

ГЭСтердин курулушун толугу менен Орусия каржылайт. ГЭСтердин үлүшүн эки өлкө 50 пайыздан бөлүп алышат.

Учурда Нарында иштеп жаткан Ат-Башы ГЭСи Нарын облусу пайдаланган электр кубатынын төрттөн бирин, же саатына 40 миң киловатт электр кубатын өндүрөт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG