Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:52

Украин оппозициясы шайлоодогу мыйзам бузууларга нааразы


Украинадагы добуш берүү. 2012-жылдын 28-октябры.
Украинадагы добуш берүү. 2012-жылдын 28-октябры.
Бир аз мурдараак Украинанын премьер-министри Николай Азарев парламенттик шайлоодо одоно мыйзам бузуулар каттала элек деп билдирген болчу. Бирок оппозиция лидерлери шайлоодо “карусель” ыкмасы кеңири колдонулуп жатканын белгилешүүдө. Ошондой эле тизмедеги шайлоочулардын көпчүлүгү түшүнүксүз себептерден улам массалык ооруп калышкан. Оппозициялык "Батькивщина" партиясынын штаб башчысы Александр Турчинов Киевде ооруп калган шайлоочулардын саны бир күндө эле 400 миңге көбөйүп калганын айтты.

Украинада мажоритардык жана пропорционалдык система менен парламентке 450 депутат беш жылдык мөөнөткө шайланып келет. Шайлоодо президент Януковичтин башкаруучу "Региондор" партиясы, азыр абакта жаткан оппозиционер Юлия Тимошенконун «Батькивщина» жана атактуу мушкер Виталий Кличко жетектеген УДАР партиясы негизги атаандаштардан болууда. Украинада шайлоочулар канчалык аз добуш берсе дагы шайлоо өттү деп эсептелет.

Шайлоого төрт миңдей эл аралык байкоочу көз салууда, алардын жети жүзү ЕККУнун өкүлдөрү. АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон жана Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жетекчиси Кэтрин Эштон президент Виктор Януковичке кайрылып, парламенттик шайлоону таза жана ачык өткөрүүгө үндөшкөн.

XS
SM
MD
LG