Өкмөт, Кесиптик кошуундар федерациясы жана Жумуш берүүчүлөр бирикмесинин ортосунда 2013-2015-жылдары биргелешип иштөө тууралуу макулдашууга кол коюлду. Документтин максаты - иштегендердин экономикалык жана социалдык укуктарын коргоо. Ошондой эле бул макулдашуу өлкөдө жаңы иш орундарын ачып, алардын корголушун камсыз кылууга багытталган. Кесиптик кошуундар федерациясына түрдүү тармактар боюнча иштеген уюмдар кирет. (RK)