Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:44

Вестервелле Түркиянын Биримдикке кириши тууралуу сүйлөшүүлөрдүн жанданышын жактады


Германиянын тышкы иштер министри Гидо Вестервелле Түркиянын Евробиримдикке кирүүсү боюнча сүйлөшүүлөрдүн жанданышын жактап сүйлөдү. Ал Берлинде Түркиянын жаңы элчилигин ачуу аземинде сөз сүйлөп, Евробиримдик менен Түркия мамилелеринин жаңыдан башталарына үмүтүн билдирди. Элчиликтин ачылышына Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган да катышып жаткан, ал бүгүн Германиянын канцлери Ангела Меркел менен жолугат.

Меркел башында турган христиан демократтары Түркиянын Евробиримдикке кирүүсүнө каршы, ал эми алардын өнөктөштөрү – Гидо Вестервелле башында турган эркин демократтар Анкара менен жакындашууну колдошот.

Түркияны Евробиримдикке кабыл алуу сунушу 2005-жылы башталып, бирок Германия жана Франциянын каршылыгына байланыштуу ийгиликтерге жетише алган эмес. Ошондой эле Түркиянын Евробиримдикке кирүүсүнө Кипр аралына байланыштуу Греция менен талаш да тоскоол болуп келатат.

XS
SM
MD
LG