Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:55

Биринчи Май райондук сотунда Ташиев менен Сабировдун иштери каралат


Бүгүн түшкө чейин Биринчи Май райондук сотунда “Ата Журт” партиясынын лидери Камчы Ташиевге козголгон кылмыш ишинин мыйзамдуулугу каралат. Депутаттын адвокаты Икрамидин Айткулов депутатка каршы Кылмыш-жаза кодексинин 295-беренесине негизделген кылмыш иши туура эмес козголгонун жана ошондой эле мыйзам боюнча депутатка кылмыш ишин башкы прокурор гана козгоого тийиш экенин белгилеп, аны жокко чыгаруу боюнча өтүнүч келтирген. Бул ишти кароону сот буга чейин да бир нече жолу жылдырган.

Түштөн кийин Биринчи Май райондук соту мурдагы социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабировго өкүм чыгаруусу күтүлүүдө. Маалыматтарга караганда, бүгүнкү сот жараянында экс-министр көрсөтмө берет. Мурунку сот жараяндарында мамлекеттик айыптоо Равшан Сабировду 15 жылга, анын жардамчысын 14 жылга эркинен ажыратууну сураган. Жабырлануучу жана анын жактоочусу муну жүйөсүз айыптоо деп билдиришүүдө.

Мурдагы социалдык өнүктүрүү министри Равшанбек Сабировго Башкы прокуратура тарабынан “ири өлчөмдө пара алган” деген айып тагылып, 5-июль күнү камакка алынган. 25-июлда соттун чечими менен үй камагына чыгарылган. Экс-министр менен анын орун басары Гүлнара Дербишевага чет өлкөлүк жарандарга бала асыроого уруксат берүүдө коррупциялык иштерге аралашкан деген айып тагылууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG